Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-чакырылыш
кезектеги XXVIII сессия
2015-жылдын 28-октябры № 6
Жалал-Абад шаарынын 2015-жылга бекитилген бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндөгү», Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамдарынын жана Жалал-Абад шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун негиз кылып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен шаардык кеңешинин кезектеги XXVIII - сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын Курманбек стадионуна каралган жыгач отургучтарынын ордуна пластик отургучтарга алмаштырууга уруксат берилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын аткаруу бийлигинин сунушунун негизинде шаардагы бюджеттик мекемелердин үнөмдүү пайдаланылган каражаттарынын эсебинен Курманбек стадионуна кошумча керектелүүчү 880,0 миң сом акча каражатын муниципалдык менчикти башкаруу комитетине бөлүп берүү жагы шаардык финансы бөлүмүнүн башчысына (А.Раматиллаев) милдеттендирилсин.
3. Жалал-Абад шаардык муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин муниципалдык автоунаа токтотуучу жайлардын кыскаргандыгына байланыштуу киреше бөлүгүнүн 2015-жылга автотранcпортту токтоткондугу үчүн алынуучу жыйымдан 413,0 миӊ сом кыскартып, жер аянттардын ижарасына 300,0 миӊ сом, жашоого ылайыкталбаган турак-жайлардын ижарасына 60,0 миӊ сом, сертификаттарды жана башка уруксат берүүчү документтерди берген үчүн акы төлөө ижарасына 53,0 жалпысы 413,0 миӊ сомго көбөйтүү жагы бекитилип, өзгөртүлгөн жылдык планды тактоо жагы шаардык финансы бөлүмүнө (А. Раматиллаев) милдеттендирилсин.
4. Жалал-Абад шаардык жол башкармалыгына жергиликтүү бюджеттен каржыланган мекемелердин сметасында 9 айдын жыйынтыгы менен үнөмдөлгөн каражаттын эсебинен күйүүчү май сатып алуу үчүн 240,0 миң сом акча каражатын жылдырып жана каржылап берүү жагы шаардык финансы бөлүмүнө милдеттендирилсин.
5. Жалал-Абад шаарынын муниципалдык автобазасынын карызын төлөө үчүн (субсидия) 38,0 миӊ сом акча каражатын муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин областык юстиция башкармалыгына берилген жаӊы имараттын ремонтуна каралган акча каражатынын эсебинен төлөп берүү жагы шаардык финансы бөлүмүнө милдеттендирилсин.
6. Жалал-Абад шаарынын Кайрымдуулук Борборунун чыгым сметасында материалдык жардамга каралган 76,0 миӊ сом акча каражатын калкты социалдык жактан коргоо башкармалыгынын жакыр деп тапкан үй бүлөлөргө көмүр алуу үчүн 1000 сомдон накталай төлөп берүүгө уруксат берилсин.
7. Жалал-Абад Тазалык мекемесинин 2015-жылга бекитилген атайын эсебинин киреше бөлүгүн кошумча 458,0 миӊ сом акча каражатын пландан ашыкча түшүрүп, мекеменин балансындагы Т-130 тракторуна запастык тетиктерди сатып алууга уруксат берилсин.
8. Жалал-Абад коммуналдык чарба департаментинин 2015-жылга бекитилген атайын эсебинин киреше бөлүгүн 150,0 миӊ сом акча каражатын пландан ашыкча түшүрүп, департаментке керектүү болгон ар түрдүү чыгымдарга иштетүүгө уруксат берилсин.
9. Жалал-Абад шаарынын Тайгараев аймактык башкармалыгына милициянын таяныч пунктун курууга 100,0 миӊ сом акча каражатын бюджеттик мекемелердин тогуз айдын жыйынтыгы менен үнөмдүү пайдалануунун эсебинен шаардык ички иштер бөлүмүнө каржылоо жагы шаардык финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.
10. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Маалымат Борборунун штаттык ыраатамасы №1-тиркемеге ылайык бекитилсин жана 2015-жылдын 1-ноябрь айынан мыйзамдаштыруу жагын вице-мэр Т.Темирбаевге милдеттендирилсин.
11. Жалал-Абад шаарынын аткаруу бийлиги тарабынан шаардык кеӊештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясы менен макулдашылбаган ар бир чыгымдоого жол берген мекемелердин жетекчилери жеке жоопко тартыла тургандыгы белгиленсин.
12. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
13. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңешинин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
14. Токтом массалык маалымат каражаттарында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
ТөрТөрага
| Э. Ормоков |