Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-чакырылыш
кезектеги XXVIII сессия
2015-жылдын 28-октябры № 7
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин балансындагы кызматтык автоунаа жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 19-беренесине ылайык жана Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин 07.10.2015-жылдагы чыг.№1242-сандуу каттын негизинде, шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясынын чечимине ылайык, шаардык кеңештин депутаттарынын ой-пикирлерин эске алып, Жалал-Абад шаардык кеңештин кезектеги XXVIII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин балансында турган, эскилиги жеткен МАЗДА 626 маркасындагы кызматтык автоунаасын сатууга уруксат берилсин.
2. Жалал-Абад шаардык муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин төрагасына (Б.Джусупбеков) кызматтык автоунааны сатуу үчүн керектүү иш кагаздарын даярдоо жана сатуу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигине мамлекеттик реестрге кигизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдетендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
ТөрТөрага
| Э. Ормоков |