Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-чакырылыш
кезектеги XXVIII сессия
2015-жылдын 28-октябры № 8
Жалал-Абад шаарындагы жаңы көчөлөрүнө ысым ыйгаруу жөнүндө
“Жалал-Абад шаардык кеңешинин географиялык объектилерге аталыштарды жана ысымдарды берүү, өзгөртүү жөнүндө” Жобосуна таянып жана социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар, жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары Э.Сатарованын баяндамасын угуп, Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги XХVIII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарындагы Т.Тайгараев аймактык башкармалыгында жайгашкан Качкынчы айылындагы жаңы көчөлөрдүн бирине Токтосунов Алымжандын ысымы ыйгарылсын.
2. Жалал-Абад шаарындагы Спутник аймактык башкаруусуна караштуу жаӊы долборлоо көчөсүнө Орозбаев Асилбек Канаевичтин ысымы ыйгарылсын.
3. Жалал-Абад шаарынын аталышы жок көчөлөрүнүн бирине коомдук ишмер, маркум Кочкоров Адыш Кочкоровичтин ысымы ыйгарылсын.
4. Жаңы көчөгө аншлагдарды даярдоо жана илүү коммуналдык чарба департаментине (А.Нуркулов) милдеттендирилсин.
5. Жалал-Абад шаарынын шаар куруу жана архитектура бөлүмүнө көчөлөрдү тактап, коммуналдык чарба департаментине берүү жагы милдеттендирилсин.
6. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
7. Токтом аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар, жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
8. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
ТөрТөрага
| Э. Ормоков |