Редакцияот 28.10.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезектеги  XII  сессиясы

 

2015-жылдын 28-октябры № 58

Токтогул шаарынын жергиликтүү бюджетинин атайын эсебине пландан тышкары түшкөн акча каражатын бөлүштүрүү боюнча

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө” мыйзамдарына ылайык,  Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин сунушу боюнча “Экономика, бюджет, финансы рыноктук инфраструктура, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча”туруктуу комиссиясынын чечимин  угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезектеги  XII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Токтогул шаарынын жергиликтүү бюджетинин атайын каражат эсебине пландан тышкары 182,0 миң сом  акча каражаты которулгандыгы белгиленсин.

2. Жумуштун зарылчылыгына байланыштуу ушул токтомдун 1 пунктунда көрсөтүлгөн акча каражаты төмөндөгүдөй чыгымдалып жумшалсын:

·        шаардын аймагындагы жолбун ит, мышыктарды атуу үчүн – 47,0 миң сом;

·        жол белгилерине (20 даана)  - 53,0 миң сом;

·        жолго төшөлүүчү резина (лежачий полицейский) ( 60 м) – 72,0 миң сом;

·        комуз ийриминин катышуучуларына формага ( БЧУ) -  10,0 миң сом;

     Жалпы: 182,0 миң сом

3.  Жогорудагы акча каражаты боюнча планга  тактоо киргизүү менен регионалдык казына бөлүмүнө билдирме (уведомление)  берүү  жагы Токтогул шаардык мэриясынын ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага тапшырылсын.

4. Бул токтомду аткаруу жагы  Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге жана ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага милдеттендирилсин.

5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

6. Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына (М.Солтоева) тапшырылсын.

7. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (мэрия жана кеңеш бетине)  жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

ТөрТөрага

 

К. Дербишев