Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 28-октябры № 59
Токтогул шаардык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XXXIV сессиясында 03.03.2014-жылы кабыл алынган № 147 токтомуна өзгөртүү, толуктоо киргизүү жөнүндө
Токтогул шаарынын тургундарын таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу максатында «Таза Суу» долбоору Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕБРР) тарабынан каржыланып, ишке ашканы турат. Алгач иштин башталышы катары таза суу менен камсыздоо боюнча техникалык экономикалык негиздери иштелип чыгып, бүткөрүлдү. Жогорудагы долбоордун ишке ашуусун колдоо үчүн, Токтогул муниципалдык өндүрүштүк-эксплуатациялык “Суу канал” ишканасынын киреше булагын жогорулатуу максатында ичүүчү сууну, саркынды сууларды кетирүүнү (канализация) пайдалангандык үчүн тарифтерди жогорулатуу зарылчылыгы келип чыгууда.
Ошондуктан, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесинин 14 пунктун жетекчиликке алуу менен, Токтогул муниципалдык өндүрүштүк-эксплуатациялык “Суу канал” ишканасынын жетекчиси Ч.Анарбаевдин сунушун жана “Экономика, бюджет, финансы рыноктук инфраструктура, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын жыйналышынын корутундусун угуп, талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токтогул шаардык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XXXIV сессиясында 03.03.2014-жылы кабыл алынган № 147 токтомунуна өзгөртүү, толуктоо киргизүү жөнүндө жогорудагы туруктуу комиссиянын корутундусу жалпысынын жактырылгандыгы белгиленсин жана аталган № 147 токтомдун 1-пункту төмөндөгү абзац менен алмаштырылсын:
2016-жылдын 1-январынан баштап Токтогул шаарында ичүүчү сууну жана саркынды сууларды кетирүүнү (канализация) пайдалангандык үчүн тарифтер тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркелет);
2. Жогоруда бекитилген жаңы тарифтер боюнча шаарыбыздын жашоочуларына, мекеме, ишканалардын жетечилерине, коммерциялык уюмдардын ээлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүү аркылуу бул токтомду аткаруу жоопкерчилиги “Суу канал” ишканасынын жалпы эмгек жамаатына, жетекчисине (Ч.Анарбаев) милдеттендирилсин, ал эми жалпысынан көзөмөлдөө жагы Токтогул шаарын мэрине (М.Калмурзаев) тапшырылсын.
3. “Экономика, бюджет, финансы рыноктук инфраструктура, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясы (М.Солтоева) бул токтомдун жалпы аткарылышын көзөмөлгө алсын.
4. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
5. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (мэрия жана кеңеш бетине) жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага
| К. Дербишев |
| Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын 28.10.2015-жылдагы кезектеги XII сессиясынын № 58 токтомуна тиркеме
|
№ | Ачыктама | Өлчөө бирдиги | Баасы (сом) |
1 | Токтогул шаарынын жашоочуларына | 1 м3 | 6,30 |
2 | Бюджеттик мекемелерге | 1 м3 | 9,20 |
3 | Коммерциялык ишканаларга | 1 м3 | 9,20 |
4 | Саркынды сууну кетирүүгө | 1 м3 | 9,20 |
Төрага
| К. Дербишев |