Редакцияот 28.10.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезектеги  XII  сессиясы

 

2015-жылдын 28-октябры № 63

Токтогул шаарында түрткү берүүчү гранттардын эсебинен аткарылуучу долбоорлор үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен өздүк салымга акча каражатын бөлүү  жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык,  Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин сунушун угуп, ал боюнча   “Экономика, бюджет, финансы рыноктук инфраструктура, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын чечимин жана башка сунуштарды  угуп, талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын  кезектеги  XII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Жогорудагы бюджет боюнча туруктуу комиссиянын чечими жалпысынан жактырылгандыгы белгиленсин.

2. Токтогул шаарында 2016-жылы түрткү берүүчү гранттардын эсебинен аткарылуучу долбоорлорго жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүүчү өздүк салымдардын көлөмү:

-  “Байчечекей” балдар бакчасынын тосмосун капиталдык оңдоонун жалпы суммасы     1995,8  миң сом, анын ичинен 25%  өздүк салымынын суммасы – 498,9 миң сом;

 -     К.Мадияров көчосүнө тротуар куруунун жалпы суммасы 2777,2 миң сом, анын ичинен 25 %  өздүк салымынын суммасы -  694,3 миң сом;

- “Данканай кичи районунда ФАП куруунун жалпы суммасы 2992,4 миң сом, анын ичинен 25 % өздүк салымынын суммасы -748,1 миң сом;

 

- 5-кичирайонун Ш.Кенжетаев көчосундө кичи футбол аянтчасы  жана балдар ойноочу аянтчасын куруунун жалпы суммасы 3056,4 миң сом, анын ичинен 25% өздүк салымынын суммасы -761,3 миң сом;

  жалпысынан колдоого алынгандыгы белгиленсин.

3. 2016-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүүдө, жогоруда аталган долбоорлордун өздүк салымдарын эсептеп, аларды  жергиликтүү бюджеттин эсебинен   бөлүп берүү  жагы эске алынсын.

4. Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы  “Экономика, бюджет, финансы рыноктук инфраструктура, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча”туруктуу комиссиянын төрайымы М.Солтоевага тапшырылсын.

5. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (мэрия жана кеңеш бетине)  жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

ТөрТөрага

 

К. Дербишев