Загрузка документа…
АЧА-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 18-августу № 3/3
Кун тартибиндеги маселе:
ПРООН тарабынан каржыланып жаткан Ача-Кайыңды айылындагы “Төкөлдөш” жаңы конуш тилкесине трансформатор орнотуу, башкы суу топтоочу жайдагы скважинаны оңдоо, суу түтүктөрүн кошумча тартуу жана кеңейтүү , «Беккари» чуңкурун куруу боюнча долбоорлордун сметаларын бекитүү жөнүндө.
УГУЛДУ:
Кун тартибиндеги маселе боюнча Ача-Кайыңды айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтеринин билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. ПРООН тарабынан каржыланып жаткан:
-«Төкөлдөш» жаңы конуш тилкесине трансформатор орнотуу жалпы суммасы 495,0(төрт жүз токсон беш миң )сом.
- Башкы суу топтоочу жайдагы скважинаны оңдоо, суу түтүктөрүн кошумча тартуу жана кенейтүү иштерине жалпы суммасы 499,9 (төрт жүз токсон тогуз миң тогуз жуз) сом.
- «Беккари» чункурун курууга жалпы суммасы 176,8(Бир жүз жетимиш алты миң сегиз жүз) сом.
Жогорудагы үч долбоор боюнча жалпы сумма 1171,7(Бир миллион бир жүз жетимиш бир миң жети жүз) сомдун сметалары бекитилсин (смета тиркелет).
2. Ача-Кайыңды айыл өкмөтүнүн счетуна которуу жумуштарын аткаруу жагы айыл өкмөттүн башкы бухгалтери Н.Барктабасовага тапшырылсын.
3. «Төкөлдөш» жаңы конуш тилкесине трансформатор орнотуу жагын аткаруу айыл өкмөттүн башкы адиси У.Кожомбердиевге, башкы суу топтоочу жайдагы скважинаны оңдоо, суу түтүктөрүн кошумча тартуу жана кеңейтүү иштерин аткаруу жагы СОППВ башчысы М.Султанакуновго, «Беккари» чуңкурун куруу жумуштарын аткаруу жагы башкы вет.адис Р.Мусуралиевге милдеттендирилсин.
4, Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Сатиевге тапшырылсын.
ТөрТөрайым
| Г. Асанова |