Редакцияот 20.10.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Балыкчы шаардык кеңешинин XXVI чакырылышынын XXXIV сессиясы

 

2015-жылдын 20-октябры № 4

Балыкчы  шаарынын  аймагына  жер  салыгынын  аймактык  коэффициентти  0,3 төн - 1,0 өлчөмүндө  калтыруу жөнүндө

       Кыргыз  Республикасынын  2008-жылдын  17-октябрындагы  №  231 “Кыргыз  Республикасынын  салык  кодексин  колдонууга  киргизүү”  жөнүндөгү  мыйзамынын  3 беренесинин  3-пунктун  ишке  ашыруу  үчүн  Балыкчы    шаардык  жергиликтүү  бюджетинин  киреше  бөлүгүн  жогорулатуу  максатында мамлекеттик  салык  кызматынын  Балыкчы  шаары  боюнча  башкармалыгынын  сунушун  карап, талкуулап  Балыкчы  шаардык  Кеңешинин  сессиясы

                                          Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

1. 2016-жылдын 1-январынан  тартып  Балыкчы  шаарынын  административдик  аймагына  төмөнкү  салыктарга  аймактык  коеффициенти  1,0  өлчөмүндө  калтырылсын

- Үйдүн  жанындагы  жерлер,короо  жай  жана  багбанчылык  жер участокторун  пайдалангандык  үчүн  жер  салыгына;

- Калктуу  конуштардын  жерлерин  жана  айыл чарба  багытында болбогон  жерлерди  пайдалангандык  үчүн  жер  салыгына ;

2. Салык  салынуучу  наркын  аныктоо  тартиби :

Жер  салыгы  үчүн  Кыргыз  Республикасынын  салык  кодексинин    334 чү  беренесинен  баштап  343 чү  беренесине  чейин  колдонулсун.

3. Бул  токтом  Кыргыз  Республикасынын  Ысык-Көл  областтык “Адилет”  башкармалыгына   мамлекеттик  нормативдик укуктук  актылар  тизмесине  киргизүү  үчүн  жөнөтүлсүн.

4. Кабыл  алынган  токтом “ Балыкчы” газетасына  жарыялансын.

 

5. Мамлекеттик  кайра  каттоо  жөнүндөгү  чечимде,  андагы  көрсөтүлгөн  маалыматтардын  анык  экендиги  жана  мыйзамда  белгиленген  учурларда  юридикалык  жакты  кайра  каттоо  маселелери  тийиштүү  мамлекеттик  жана  жергиликтүү  өз  алдынча  башкаруу  органдары  менен  макулдашылгандыгын   ырастайт.

6. Токтомдун  аткарылышы  Кыргыз  Республикасынын  № 231  17. 10. 2008 ж. “Кыргыз  Республикасынын Салык  кодексин  аракетке  киргизүү”  жөнүндөгү  мыйзамына  ылай        ык 2016-жылдын 1 - январынан  тартып  күчүнө  киргизилсин.

7. Токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  Мамлекеттик  салык  кызматынын  Балыкчы  шаары  боюнча  башкармалыгына  милдеттендирилсин.

 

ТөрТөрага

 

Д. Бекбашов