Загрузка документа…
ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 15-январы № 3
Жаратылыш кырсыктарын алдын алуу жана климаттын ɵзгɵрγγлɵрγнɵ байланышкан маселелерди чечγγ жɵнγндɵ
Достук айылдык кеңешинин тɵрагасы Ж. Божокоев сессияда кγн тартибиндеги маселе боюнча депутаттарга тɵмɵндɵгγдɵй билдирγγ берди.
Жаратылыш кырсыктарын алдын алуу жана климаттын тез ɵзгɵрγγлɵрγнɵн биздин айыл бир катар кыйынчылыктарды тартып келе жатабыз.
Алар тɵмɵндɵгγлɵр:
· Жазында кардын эришинен жана жаан кɵп жааганда айыл ичин, короолорду кыян, сел каптагандыктан ички арыктарды тазалоо кечиктирилгис иштерден.
· Айылдын ɵзγнγн айыл чарба жери жок болгондуктан Жан-Булак айыл аймагынын айыл чарба жерлерин арендага алып пайдаланууга туура келγγдɵ. Бул жерлерге сугат суусун алып келγγ кыйынчылыкты туудурат.Бул маселе боюнча Кызыл-Зоо-Жан-Булак-Достук каналынын бир тармагын Достук айылына жеткирγγ маселеси коюлат.
· Ат-Башы суусу тγшкɵн капчыгайдан дайыма шамал согуп тургандыктан айылда Нарын шаарынан жана кошуна айылдардан температуралык тɵмɵнкγ айырмачылыктар такай байкалат. Кыш айлары ɵзгɵчɵ оор болот. Ошондуктан шамалга каршы алкак (бак тигγγ, тосмо менен тосуу) иштерин жγргγзγγ талапка ылайык келет.
· Климаттык тез ɵзгɵрγγлɵрγнɵ байкоо жγргγзγγ, тажрыйба топтоп, натыйжаларын аныктап туруу жана ɵз убагында ынгайлашуу максатында Достук айылындагы орто мектептин базасында чакан гидрометеостанция (аймактык же кошуна айылдар γчγн) куруу максатка ылайык келет.
Жогорудагыларды угуп жана талкуулап Достук айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаратылыш кырсыктарын алдын алуу жана климаттык ɵзгɵрγγлɵрγнɵ байланышкан маселелерди чечγγ боюнча Достук айыл аймагынын Адаптациялык планы бекитилсин.
2. Бул токтомду кɵзɵмɵлдɵɵ жагын ɵзγмɵ калтырамын.
ТөрТөрага
| Ж. Божокоев |