Редакцияот 27.08.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Ак-Жар айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын  ХIX кезексиз сессиясы 

 

2014-жылдын 27-августу № 23

     Депутаттардын Ак-Жар  айылдык Кеңешинин Депутаттарынын VI чакырылышынын XIХ  кезексиз сессиясы ПРООНдун «Нарын областынын территориясын комплекстүү өнүктүрүү» программасынын алкагында ПРООНдун каржылоосу менен Ак-Жар айыл аймагы боюнча ишке ашырылып жаткан 714730 сомдук «Темир цех ачуу», 650000 сомдук «Эгин жыйноочу комбайндарды ремонттоо» жана 650000 сомдук «Айыл чарба техникаларын ремонттоо», жалпы 2014730 сомдук  3 (үч) чакан долбоордун бюджетин бекитип берүү тууралуу Ак-Жар айыл  өкмөтүнүн башчысы М.Кадыркулодун кайрылуусуна ылайык, жогоруда аталган долбоордун бюджеттери менен таанышып жана талкуулап  Ак-Жар  айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. ПРООНдун «Нарын областынын территориясын комплекстүү өнүктүрүү» программасынын алкагында  ПРООНдун каржылоосу менен  Ак-Жар айыл аймагы боюнчаишке ашырылып жаткан 714730 сомдук «Темир цех ачуу», 650000 сомдук «Эгин жыйноочу комбайндарды ремонттоо» жана 650000 сомдук «Айыл чарба техникаларын ремонттоо», жалпы 2014730 сомдук  3 (үч) чакан долбоордун бюджеттери №1;  №2; №3; тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтомдун 1-пунктунда белгиленген долбоордун бекитилген бюджеттерге ылайык ишке ашырылышын камсыздоо жагы Ак-Жар айыл аймагынын  айыл өкмөтүнүн башчысы  М.ЖКадыркуловго милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткаралышын көзөмөлдөө жагы Ак-Жар айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы А.Кабыловго тапшырылсын.

 

ТөрТөрага

 

А. Кабылов