Загрузка документа…
Т.МАВЛЯНОВ АТЫНДАГЫ КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-июну № 10/1
Калкты таза суу менен камсыз кылуу, жаштар, спорт маселелери жөнүндө
Калкты таза суу менен камсыз кылуу, жаштар, спорт маселелери боюнча айыл Өкмөт башчысынын орун басарынын милдетин аткаруучу А.Тыныбековдун берген маалыматын Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги X сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Калкты таза суу менен камсыз кылуу, жаштар, спорт маселелери боюнча айыл Өкмөт башчысынын орун басарынын милдетин аткаруучу А.Тыныбековдун берген маалыматы эске алынсын.
2. Чие айылына өзүнчө таза суу түтүгүн тартып, таза суу колонкаларын ишке киргизүү, Таш-Жар айылындагы таза суу скважинасын он күндүн ичинде ишке киргизүү жана жаштар, спорт маселелери боюнча тиешелүү адистер менен алгылыктуу иш алып баруу жагы айыл Өкмөт башчысынын орун басарынын милдетин аткаруучу А.Тыныбековго жүктөлсүн.
3. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл Өкмөт башчысы М.Жапаровго жүктөлсүн.
Төрага | К. Карабаев |