Загрузка документа…
Т.МАВЛЯНОВ АТЫНДАГЫ КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-июну № 10/2
Жаныбарлардын жугуштуу ооруларын алдын алуу жөнүндө
Жаныбарлардын жугуштуу ооруларын алдын алуу боюнча айыл Өкмөттун жетектөөчү адиси А.Карабаевдин берген маалыматын Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги X сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаныбарлардын жугуштуу ооруларын алдын алуу боюнча айыл Өкмөттүн жетектөөчү адиси А.Карабаевдин берген маалыматы эске алынсын.
2. Жайлоолордо жана жайыттарда өлүп калган кароосуз малдарды санитардык эрежелерге ылайык зыянсыздандырып көмүү жана жаныбарлардын жугуштуу ооруларын алдын алуу, эмдөө, ветеринардык мыйзамга ылайык калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы айыл Өкмөттүн жетектөөчү адиси А.Карабаевге, айыл аймактын ветеринардык сервистин жана жайыт комитетинин кызматкерлерине жүктөлсүн.
3. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл Өкмөт башчысы М.Жапаровго жүктөлсүн.
Төрага | К. Карабаев |