Загрузка документа…
Т.МАВЛЯНОВ АТЫНДАГЫ КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-июну № 10/3
Дыйкан базары жөнүндө
Дыйкан базары боюнча базар башчысы А.Кушубековдун берген маалыматын Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги X сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Дыйкан базары боюнча базар башчысы А.Кушубековдун берген маалыматы эске алынсын.
2. Дыйкан базарынын ички тартибин жана санитардык абалын жакшыртуу жана мал базарга кой, эчки камоочу короо тосмону куруу жагы базар башчысы А.Кушубековго жүктөлсүн.
3. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл Өкмөт башчысы М.Жапаровго жана айылдык Кеңештин укук жана мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К. Карабаев |