Загрузка документа…
Т.МАВЛЯНОВ АТЫНДАГЫ КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-июну № 10/4
Социалдык маселелер жана айыл Өкмөтүн аймагында жайгашкан мектеп, бала бакчаларда шашке тамактын берилишин көзөмөлдөө жөнүндө
Социалдык маселелер жана айыл Өкмөтүн аймагында жайгашкан мектеп, бала бакчаларда шашке тамактын берилишин көзөмөлдөө боюнча айыл Өкмөттүн жетектөөчү адисинин милдетин аткаруучу Ы.Алымовдун берген маалыматын Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги X сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Социалдык маселелер жана айыл Өкмөттүн аймагында жайгашкан мектеп, бала бакчаларда шашке тамактын берилишин көзөмөлдөө боюнча айыл Өкмөттүн жетектөөчү адисинин милдетин аткаруучу Ы.Алымовдун берген маалыматы эске алынсын.
2. Айыл Өкмөттүн аймагындагы мектеп, балдар бакчалардагы шашке тамакты түзүлгөн меню боюнча берилишин көзөмөлдөө жана айылдарда жашаган социалдык жардамга муктаж үй-бүлөлөрдү толук аныктап, зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча иш-чарага негиз иш алып баруу жагы айыл Өкмөттүн жетектөөчү адисинин милдетин аткаруучу Ы.Алымовго жүктөлсүн.
3. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К. Карабаев |