Загрузка документа…
Т.МАВЛЯНОВ АТЫНДАГЫ КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-июну № 10/5
Айылдык Кеңештин туруктуу комиссияларынын жүргүзгөн иштери жөнүндө
Айылдык Кеңештин туруктуу комиссияларынын жүргүзгөн иштери боюнча туруктуу комиссиялардын төрагаларынын берген маалыматын Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги X сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык Кеңештин социалдык маселелер жана мыйзамдуулук, укук маселелери боюнча туруктуу комиссияларынын жүргүзгөн иштери боюнча туруктуу комиссиялардын төрагаларынын берген маалыматтары эске алынсын.
2. Айылдык Кеңештин бюджет боюнча жана жер, айыл-чарба маселелери боюнча туруктуу комиссияларынын аткарган иштери боюнча маалыматын толуктап кийинки сессияга алып келүү жагы комиссиянын төрагаларына жүктөлсүн.
3. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Э.Абдырахмановго жүктөлсүн.
Төрага | К. Карабаев |