Загрузка документа…
Т.МАВЛЯНОВ АТЫНДАГЫ КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-июну № 10/6
Салык жыйымдарынын аткарылышы жөнүндө
Салык жыйымдарынын аткарылышы боюнча айыл Өкмөттүн башкы адиси З.Узеновдун берген маалыматын Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезектеги X сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Салык жыйымдарынын аткарылышы боюнча айыл Өкмөттүн башкы адиси З.Узеновдун берген маалыматы эске алынсын.
2. Салык жыйымдарынын кээ бир түрлөрү боюнча коюлган планды толтуруп аткаруу жана кошумча булактарды табуу боюнча иш алып баруу жагы айыл Өкмөттүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Р.Шамырзаевага жана айыл Өкмөттүн башкы адиси З.Узеновго жүктөлсүн.
3. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К. Карабаев |