Редакцияот 30.06.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Т.МАВЛЯНОВ АТЫНДАГЫ КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык кеңешинин  VI   чакырылышынын  кезектеги X  сессиясы

 

2015-жылдын 30-июну № 10/8

Кош-Дөбө айыл Өкмөтүнүн Улук айылынан чыккан Кыргыз республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Б.Калматовго, Курулуп жаткан ГЭС тер ишканасынын башкы директору А.А.Камчыбековго жана  Сары-Кашка айылынан чыккан белгилүү хирург  Кыргыз республикасынын Өкмөтүнө караштуу ФОМС тин башкармалыгынын башчысы С.Ш.Тойматовго Кош-Дөбө айыл аймагынын «АРДАКТУУ  АТУУЛУ» деген наамын ыйгаруу жөнүндө

Кош-Дөбө айыл Өкмөтүнүн Улук айылынан чыккан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Б.Калматовго, Курулуп жаткан ГЭС тер ишканасынын башкы директору А.А.Камчыбековго, Сары-Кашка айылынан чыккан белгилүү хирург  Кыргыз республикасынын Өкмөтүнө караштуу ФОМС тин башкармалыгынын башчысы С.Ш.Тойматовго Кош-Дөбө айыл аймагынын «АРДАКТУУ  АТУУЛУ» деген наамын ыйгаруу  жөнүндөгү Улук жана Сары-Кашка айылынын жашоочуларынын жалпы чогулушунун токтомунун, Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин Мыйзамдуулук укук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын кабыл алган токтомунун негизинде жана сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын  сунуштарын   Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын  кезектеги  X  сессиясы  угуп жана талкуулап

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Кош-Дөбө айыл Өкмөтүнүн Улук айылынан чыккан Кыргыз республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Б.Калматовго, Курулуп жаткан ГЭС тер ишканасынын башкы директору А.А.Камчыбековго жана  Сары-Кашка айылынан чыккан белгилүү хирург  Кыргыз республикасынын Өкмөтүнө караштуу ФОМС тин башкармалыгынын башчысы С.Ш.Тойматовго Кош-Дөбө айыл аймагынын «АРДАКТУУ  АТУУЛУ» деген наамы  ыйгарылсын.

2. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

Төрага

К. Карабаев