Т.МАВЛЯНОВ АТЫНДАГЫ КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XI сессиясы
2015-жылдын 3-сентябры № 11/1
Кош-Дөбө айыл Өкмөтүнүн башчысы М.Жапаровдун 2015-жылдын I жарым жылында аткарган иштеринин отчету жөнүндө
Кош-Дөбө айыл Өкмөт башчысынын 2015-жылдын I жарым жылында аткарган иштеринин отчету жөнүндөгү айыл Өкмөт башчысы М.Жапаровдун берген отчетун Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XI сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кош-Дөбө айыл Өкмөт башчысы М.Жапаровдун 2015-жылдын I жарым жылында аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. Айылдык Кеңеш тарабынан кабыл алган токтомдорду көзөмөлдөп өз мөөнөтүндө аткаруу жагы айыл Өкмөттүн башчысы М.Жапаровго жүктөлсүн.
3. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин укук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынына жүктөлсүн.
Төрага | К. Карабаев |