Редакцияот 03.09.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Т.МАВЛЯНОВ АТЫНДАГЫ КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык кеңешинин  VI   чакырылышынын  кезектеги XI  сессиясы

 

2015-жылдын 3-сентябры № 11/3

АВПнын жана райондук суу чарба башкармалыгынын жүргүзгөн иштери жана сугат суу менен камсыз кылуу жөнүндө

АВПнын жана райондук суу чарба башкармалыгынын жүргүзгөн иштери жөнүндө АВПнын башчысы Ж.Шадыбековдун берген маалыматын Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык кеңешинин VI чакырылышынын  кезектеги  XI  сессиясы угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. АВПнын жана райондук суу чарба башкармалыгынын жүргүзгөн иштери жөнүндө АВПнын башчысы Ж. Шадыбековдун берген маалыматы эске алынсын.

2. 2015-жылдын сугат мезгилиндеги кемчиликтерди болтурбоо боюнча 2016-жылы иш алып баруу жана ар бир суу алыштан канча гектар жер сугат суу менен камсыз болушун аныктап  кийинки сессияда маалымат берүү жагы АВПнын башчысы Ж. Шадыбековго жүктөлсүн.

3. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл Өкмөт башчысы М. Жапаровго жүктөлсүн. 

 

Төрага

К. Карабаев