Т.МАВЛЯНОВ АТЫНДАГЫ КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XI сессиясы
2015-жылдын 3-сентябры № 11/4
Кош-Дөбө айыл аймагынын калкынын ден-соолугу жөнүндө
Кош-Дөбө айыл аймагынын калкынын ден-соолугу жөнүндөгү №11-үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун башчысы А.Жоробаевдин берген маалыматын Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XI сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кош-Дөбө айыл аймагынын калкынын ден-соолугу жөнүндөгү №11-үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун башчысы А.Жоробаевдин берген маалыматы эске алынсын.
2. Айыл аймактын калкынын ден-соолугун чыңдоо боюнча жана жугуштуу оорулардын алдын алуу жана болтурбоо боюнча иш алып баруу жагы №11 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун башчысы А.Жоробаевге жүктөлсүн.
3. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынына жүктөлсүн.
Төрага | К. Карабаев |