Редакцияот 03.09.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Т.МАВЛЯНОВ АТЫНДАГЫ КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык кеңешинин  VI   чакырылышынын  кезектеги XI  сессиясы

 

2015-жылдын 3-сентябры № 11/5

Социалдык маселелер жана айыл Өкмөттүн аймагындагы жайгашкан мектеп, балдар бакчаларындагы шашке тамактардын берилиши  жөнүндө

Социалдык маселелер жана айыл Өкмөттүн аймагындагы мектеп жана балдар бакчаларындагы шашке тамактардын берилиши жөнүндөгү айыл Өкмөттүн жетектөөчү адиси Ы.Алымовдун берген маалыматын Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык кеңешинин VI чакырылышынын  кезектеги  XI  сессиясы угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Социалдык маселелер жана айыл Өкмөттүн аймагындагы мектеп жана балдар бакчаларындагы шашке тамактардын берилиши жөнүндөгү айыл Өкмөттүн жетектөөчү адиси Ы.Алымовдун берген маалыматы эске алынсын. 2. Айыл Өкмөттүн аймагындагы мектеп жана балдар бакчаларындагы шашке тамактардын берилишин көзөмөлдөө,  айылдарда жашаган социалдык жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн  кышка карата даярдыгын аныктап маалымат берүү  жагы айыл Өкмөттүн жетектөөчү адиси Ы.Алымовго жүктөлсүн.

3. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынына жана айыл Өкмөт башчысы М.Жапаровго жүктөлсүн. 

 

Төрага

К. Карабаев