Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 17-сентябры № 19-95
Кара-Саз айылындагы бала бакчага ат берүү жана 2016-жылдын бюджетине киргизүү жөнүндө
Кош-Дөбө айыл аймагынын муниципалдык менчигинде турган Кара-Саз айылындагы мурунку бала бакча союз тарагандан кийин каралбай калган. Бүгүнкү күндө элдин муктаждыгы болуп жаткан бала бакча ачуу үчүн элдин суроо талаптарын аткарып үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен толук ремонттон өтүп ачылуунун алдында турат. Айыл өкмөтүнүн бюджети тартыш болгондуктан бул бала бакчаны каржылоо үчүн республикалык бюджеттине 2016-жылдын 1-январынан баштап киргизип берүү максатында депутаттардын Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Саз айылында ачылып жаткан бала бакчага “АТА” аты берилсин.
2. “АТА” бала бакчасын каржылоо үчүн 2016-жылдын 1-январынан баштап республикалык бюджетке киргизип берүү жагы Кочкор райондук финансы бөлүмүнөн суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кош-Дөбө айыл аймагынын башчысы Т.Абыкеевге жана ФЭБнүн башчыс С.Капаровго тапшырылсын.
Төрага | А. Байташов |