Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 7-октябры № 20-96
Аз камсыз болгон үй бүлөөлөрдү социалдык жактан тейлөө жакыр адамдарга берилүүчү пособиенин чектелиши жакырчылыктан чыгуу үчүн иштелип жаткан иштери тууралуу соц кызматкердин отчету жөнүндө
Аз камсыз болгон үй бүлөөлөрдү социалдык жактан тейлөө жакыр адамдарга берилүүчү пособиенин чектелиши жакырчылыктан чыгуу үчүн иштелип жаткан иштери тууралуу маалыматын угуп жана талкуулап Депутаттардын Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аз камсыз болгон үй бүлөөлөрдү социалдык жактан тейлөө жакыр адамдарга берилүүчү пособиенин чектелиши жакырчылыктан чыгуу үчүн иштелип жаткан иштери тууралуу соц кызматкердин отчету эске алынып канаатандырарлык деп баа берилсин.
2. Улуу Ата Мекендик согуштун, Афганистан, Чернобыль, Баткен коогаланынын катышуучуларына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган компенсациялардын берилип жаткандыгына көзөмөлдүк жүргүзүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жеңилдиктер боюнча жеңилдик алуучуларга өз убагында маалымат жеткирилип, каралган жеңилдиктер боюнча иш чара кабыл алып аткарылышын камсыз кылуу соц адис А.Төлөнбаевга жана Ч.Мурсабаевага тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жооптуу катчы А.Сыдыкбековага милдеттендирилсин.
Төрага | А. Байташов |