Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 7-октябры № 20-97
Кара-Күңгөй Кара-Саз айылдарынын клуб, китепканалардын элди маданият менен тейлөөдө жүргүзүп жаткан иш аракеттери тууралу
Кош-Дөбө айыл аймагында 1 маданият үй, 1 клуб, 2 китепкана бар. 2015-жыл “Кош жылдыз” , ”Сармерден” “Ыр кесе” сыяктуу оюн зооктор уюштурулуп мындан башка дагы мааракелер белгиленип келген. Жогорудагылардын негизинде Депутаттардын Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык клуб, китепканалардын ишине көзөмөлдүктү күчөтүү уюштуруучулук жөндөмүн жогорулатуу. Элибиздин каада салт, үрп адаттарын башка маданий мурастарын эл арасында кеңири жайылтылышына салым кошуп маданий иш чараларды үзгүлтүксүз өткөрүп туруу, түзүлгөн иш планды аткарууга жетишүү, ар бир маданият кызматкерлерине милдеттендирилсин.
2. Китеп фондуларын толукталып турушуна ар дайым камкордук көрүү элге берилген китептерди өз мөөнөтүндө кайтарылышын катуу көзөмөлдүккө алуу абоненттердин формулярынын так толтуруп туура жүргүзүлүшун дайым көзөмөлдүккө алуу жагы китепкана башчыларына тапшырылсын.
3. Маданият кызматкерлеринин иштөө тартибин так сактап ишке болгон жоопкерчиликтерин көтөрүү жагы айыл башчы Ш.Молдокановго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жооптуу катчы А.Сыдыкбековага тапшырылсын.
Төрага | А. Байташов |