КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 7-октябры № 20-98
Депутат Шаршеналиев Айбектин шайлоочулардын суроо талаптарын аткарууда жүргүзгөн иши жөнүндө отчету
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө” Мыйзамынын 25-статясына жана “ Жергиликтүү Кеңештердин депутаттардын статусу жөнүндө” Мыйзамынын 7-статясына ылайык депутат Шаршеналиев Айбектин маалыматын угуп жана талкуулап Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңешинин депутаты А.Шаршеналиев отчету канааттандырарлык деп табылсын.
2. Депутат А.Шаршеналиев айылды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерине активдүү катышкандыгы шайлоочулардын суроо талаптарын аткарып түшүндүрүү жана уюштуруучулук иштерди жүргүзүп жаткандыгы белгиленсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жооптуу катчы А.Сыдыкбековага милдеттендирилсин
Төрага | А. Байташов |