Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 7-октябры № 20-99
2015-жылдын 9 айында жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүндө айрым салыктын түрлөрү боюнча пландан ашык аткарылганга кошумча план суроо жана чыгаша бөлүгүнүн айрым статьяларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кош-Дөбө айыл аймагынын 9 айында жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү төмөндогүдөй болгондуктан,.Жер салык айыл чарбага арналбаган жылдык план 7.0 иш жүзүндө 9 айда 34.5 жылына күтүлүүчү план 35.5, кошумча керектелүүчү план 28.5 сом. Сатуудан алынган салык : жылдык план 18.0, 9 айда аткарылганы 33,4, жылына күтүлүүчү план 34,0 кошумча керектелүүчү план 16.0. Баары жылдык керектелүүчү план 44.5 сом.
Ушул планга чыгаша бөлүгү 22 22 1 200 статьяга учурдагы “ Пайдаланууга берилип жаткан бала бакчанын жылуулугун коюуга ” жана материалдарды дагы башка сатып алуулар статъясына жумшалууга жатат.
Кош-Дөбө айыл аймагында 31.08.2015 Эгемендүүлүк күнүнө каралган 20,0 сом, жана Кара-Саз маданият үйүнүн алдына туу көтөрүүгө – 20,0 сом. Баары 40,0 сом. Мунун ичинен Кара-Саз айылындагы бала бакчанын ремонт иштерин көзөмөлдөө кылуу үчүн технадзорго 33287 сом, бош калган 6713 сомду бала бакчанын тегерегин тосуу үчүн бөлуп берүүгө 22 22 12 00 статьясынын ичинен эле бири-бирине которула тургандыктан.ФЭБнүн башчысы С.Капаровдун сунушун эске алуу менен Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Саз айылындагы бала бакчанынын ремонттун көзөмөлгө алып жаткан атайын адис технадзордун эмгек акысы үчүн 33287 сом болүнүп берилсин.
2. Кара-Саз айылындагы бала бакчанын тегерегин тосуп берүү үчүн кошумча 6713 сом бөлунүп берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү статьялардан которуп тийиштүү суммаларын которуп берүү жагы Кош-Дөбө айыл аймагынын ФЭБнүн башчысы С.Капаровго тапшырылсын.
Төрага | А. Байташов |