Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 7-октябры № 20/100
Кара-Күңгөй, Кара-Саз айылдарына атайын таштанды чыгаруу үчүн жай бөлүп берүү жөнүндө
Кош-Дөбө айыл аймагынын Кара-Күңгөй. Кара-Саз айылдарында атайын таштанды чыгаруу жай үчүн 13.07.2009-жылы Кош-Дөбо айылдык Кеңешинин V-сессиясынын № 20 токтому менен Кара-Күңгөй айылына кыштактын четиндеги мурунку дары складдын орду, Кара-Саз айылына мурунку сенаждын чуңкуру берилген убагында документтерин албагандыктан бүгүнкү күндүн талабына жооп бербей бул токтомду кайра жаңыртып брүүнү суранган Жер, турак жай коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адистин жана жерге жайгаштыруу жана айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адистин сунушун эске алуу менен Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңеши токтом кылат:
1. Кош-Дөбө айыл аймагынын Кара-Күңгөй, Кара-Саз айылдарында атайын таштанды чыгаруу жай үчүн 13.07.2009-жылы Кош-Дөбо айылдык Кеңешинин V-сессиясынын № 20 токтому күчүндө калтырылсын.
2. Кара-Күңгөй айылына кыштактын четиндеги мурунку дары складдын орду, Кара-Саз айылына мурунку сенаждын чуңкуру таштанды чыгаруу жай үчүн бөлүнүп берилсин.
3. Таштанды чыгаруу үчүн бөлүнгөн жайларга тийиштүү документтеринр алуу жагы жерге жайгаштыруу жана айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адис Тилен уулу Талантга тапшырылсын
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү сумманы которуп берүү жагы Кош-Дөбө айыл аймагынын ФЭБнүн башчысы С.Капаровго тапшырылсын.
Төрага | А. Байташов |