КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 29-декабры № 01-05/135
Жылдын мыкты депутатын сыйлоо жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы, шаардык Кеңешинин «Өнүгүү-Прогресс», «Ата Журт», «Ата Мекен» жана «Кыргызстан социал демократтар партиясы» фракцияларынын лидерлери берген сунушун, шаардык Кеңештин «Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент, этика жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча» туруктуу комиссиясы оз отурумунда карап жазган тактамасын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31 -беренелерин жана Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Жылдын мыкты депутаты» наамын ыйгаруу Жобосун жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
2015-жылда шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө жана ишкердик элитанын калыптанышына колдоо көрсөткөн төмөндөгү депутаттарга «Жылдын мыкты депутаты» наамы ыйгарылсын.
Нусупбеков Асан Мамашович - шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары;
Дакеев Бактыбек Турдубекович - шаардык Кеңешинин «Ата Журт» фракциясынан депутат;
Анарбаев Умарали Абдуманнабович - шаардык Кеңешинин КСДП фракциясынан депутат; Орозов Дурусбек Ысакович - шаардык Кеңешинин «Ата Мекен» фракциясынан депутат.
2. Депутаттарды сыйлоого кеткен акча каражаты менен камсыз кылууну шаардык Кеңештин түрдүү чыгымдарынан жүргүзүүнү мэриянын каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбекткуловага милдеттендирилсин.
3. Сыйлыктарды, шаардык Кеңешинин «Жылдын мыкты депутаты» наамын ыйгаруу Жобосуна ылайык жаңы жылдык майрамда салтанаттуу түрдө тапшырылысын.
4. Токтом дун аткарылышын камсыз кылууну шаардык Кеңешинин жооптуу катчысы М.Мадосмоновго жүктөлсүн.
Төрага | Б. Артыков |