Редакцияот 22.07.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Гулистан айылдык кеңешинин (V шайланган) кезектеги ХХIII сессиясы

 

2015-жылдын 22-июлу № ХХIII-1             

2015-жылдын 1-жарым жылында Гулистан айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиялык планынын аткарылышы жөнүндө

2015-жылдын I-жарым  жылдыгында айыл  өкмөтүнүн социалдык – экономикалык  өнүгүүсүн  камсыздоодо   дыйкан  фермерлер, жеке  ишкерлер чөйрөсүндө  бир топ  алгалыктуу  иштер  аткарылды.

2015- жылды  Республикабызда  «Улуттук экономиканы чыңдоо жылы»  жана  облусубузда  «Экспортко багытталган продукцияларды өндүрүүчүлөрдү колдоо жылы,  ал эми  районубузда  «Өнөр жай өндүрүшүн күчөтүү жылы»  жылы деп   жарыяланган.

2015- жылды  айыл өкмөтүндө  «Бекем үйбүлө жылы» жылы деп   жарыяланган.

Жарыяланган жыл үчүн  айыл өкмөтү  атайын иш – чаралар  иштеп  чыгып, айылдык  кеңеши  тарабынан бекитилген.

Айыл өкмөтүнүн 2015- жылдын социалдык – экономикалык  өнүгүү  программасына    23 (жыйырма үч) долбоор  киргизилип,  азыркы күндө бардык  долбоор аткарылды.

Айыл өкмөтүнүн  аймагында 2015-жылдын 6 айында инвестиция  жана элди мобилизациялоо  менен  аткарылган  иштердин көлөмү 9 млн 775 миң сомду  түзөт. Анын ичинен  тышкы инвестиция  600миң сом. Жамаатардын эсебинен 5 млн.400 миң сом,  жеке  ишкерлер эсебинен     2 млн. 750 миң сом.

Күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап,  Гулистан айыл кеңешинин кезектеги ХХIII-сессиясы

Т О К Т О М    К Ы Л А Т:

1. 2015-жылдын 1-жарым жылында Гулистан айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиялык планынын аткарылышы кемчиликтерди белгилөө менен канааттандырарлык деп табылсын.

2. Айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 1-жарым жылындагы бюджеттин кирешеси 6млн 8 838,3 миң 686 сом, чыгаша бөлүгү 5 млн 075,0 миң  сомго аткарылгандыгы белгиленсин.

3. Айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-жарым жылындагы негизги милдети болуп төмөндөгү иштер белгиленсин:

- айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүү программасына кирген жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү;

- Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетин 10 пайызга өсүүсүн камсыз кылышсын.

4.  Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңешинин бардык туруктуу  комиссияларына тапшырылсын.

 

Төрага

И. Ташматов