Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 22-июлу № ХХIII-4
Гулистан айыл аймагында Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндөгү кодексинин талаптарын аткарылышы жана жаш балдар арасында зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча
Гулистан айыл аймагында Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндөгү кодексинин талаптарын аткарылышын жана жаш балдар арасында зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча ченемдук-укуктук актыларын көрүп чыгылганда айыл өкмөтү тарабынан Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2015-жылдын 9-февралындагы “Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын алдында жаш балдарга карата облгон зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча штаб түзүү жөнүндөгү” № 24-б буйругунун негизинде жаш балдарга карата болгон зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча штаб түзүлүп, иш-чаралар планы иштелип чыгылган. Иш-чаралардын планынын негизинде айыл өкмөтүнүн социалдык өнүгүү бөлүмү тарабынан айыл аймагындагы үй бүлөлөрдөгү жаш балдардын жашоо шарты, тарбиясы, мектепке катышуусу боюнча мониторинг жүргүзүлгөн. Жүргүзүлгөн мониторингдин натыйжасында айыл аймагында 94 жаш бала апасы менен жашап жаткандыгы, алардын ичинен 24 баланын жашоо шарты жакшы эместиги аныкталды.
Гулистан айыл өкмөтүнүн жаш өспүрүмдөрдүн укуктары жана кызыкчылыктарын сакталышы боюнча аткарган иштерин көрүп чыгып жана талкуулап Гулистан айыл кеңешинин кезектеги сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Гулистан айыл аймагындагы жаш өспүрүмдөрдүн укууктарын, кызыкчылыктарын камсыздоо жана жаш балдарга зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча Гулистан айыл өкмөтүнүн жүргүзүп жаткан иштеринде кемчиликтерге жол коюлгандыгы белгиленсин.
2. Жаш өспүрүмдөрдүн укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыздоо боюнча, жаш балдарга карата зордук-злмбулуктун алдын алуу боюнча туруктуу иш алып баруу Гулистан айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Ушул маселе боюнча аткарылган иштер жөнүндө 2016-жылдын март айына маалымат берүү Гулистан айыл өкмөтүнүн социалдык өнүгүү бөлүмүнө тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңешинин социалдык-маданий маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | И. Ташматов |