Редакцияот 06.11.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Гулистан айылдык кеңешинин (V шайланган) кезектеги ХХIV сессиясы

 

2015-жылдын 6-ноябры № ХХIV-1

2015-жылдын 9 айында Гулистан айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиялык планынын аткарылышы жөнүндө

 2015- жылдын I-жарым  жылдыгында айыл  өкмөтүнүн социалдык – экономикалык  өнүгүүсүн  камсыздоодо дыйкан фермерлер, жеке ишкерлер чөйрөсүндө  бир топ  алгалыктуу  иштер аткарылды.

2015- жылды  Республикабызда  «Улуттук экономиканы чыңдоо жылы»  жана  облусубузда  «Экспортко багытталган продукцияларды өндүрүүчүлөрдү колдоо жылы,  ал эми  районубузда  «Өнөр жай өндүрүшүнкүчөтүү жылы»  жылы деп   жарыяланган.

2015- жылды  айыл өкмөтүндө  «Бекем үйбүлө жылы» жылы деп   жарыяланган.

Жарыяланган жыл үчүн  айыл өкмөтү  атайын иш – чаралар  иштеп  чыгып, айылдык  кеңеши  тарабынан бекитилген.

Айыл өкмөтүнүн 2015- жылдын социалдык – экономикалык  өнүгүү  программасына  23 (жыйырма үч) долбоор киргизилип, азыркы күндө бардык  долбоор аткарылды.

Айыл өкмөтүнүн аймагында 2015-жылдын 9 айында инвестиция жана элди мобилизациялоо  менен  аткарылган  иштердин көлөмү  9 млн 775 миң сомду  түзөт. Анын ичинен тышкы инвестиция 600 миң сом. Жамаатардын эсебинен 5 млн. 400 миң сом,  жеке  ишкерлер эсебинен 2 млн. 750 миң сом.

Күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап, Гулистан айыл кеңешинин кезектеги ХХIII-сессиясы

Т О К Т О М    К Ы Л А Т:

1. 2015-жылдын 9 айында Гулистан айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиялык планынын аткарылышы кемчиликтерди белгилөө менен канааттандырарлык деп табылсын.

2. Айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 9 айындагы бюджеттин кирешеси 6 млн 10 629 734 миң сом, чыгаша бөлүгү 9 602 400  миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.

3. Айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 4-кварталындагы негизги милдети болуп төмөндөгү иштер белгиленсин:

-айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүү программасына кирген жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү;

- Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетин 10 пайызга өсүүсүн камсыз кылышсын.

4.  Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңешинин бардык туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

Төрага

И. Ташматов