Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 6-ноябры № ХХIV-5
Гулистан айыл өкмөтүнүн 2015-жылга бюджетине атайын каражаттар эсеп счетуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Гулистан айыл өкмөтүнүн борбордук стадионунда маданий-массалык иш-чараларды, оюн-зоокторду өткөрүү үчүн көчмө сахна курууга “Ноокат өнүгүү” фондунун эсебинен 39,0 миң сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн эсебине келип түшкөн. Көчмө сахнаны куруу үчүн жалпысынан 89,0 миң сом акча каражаты керек болот. Ошондуктан айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 50,0 миң сом акча каражатын бөлүп берүү керек.
Күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап Гулистан айыл кеңешинин кезектеги сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. “Ноокат өнүгүү” фондунун эсебинен айыл өкмөтүнүн эсебине келип түшкөн 39,0 миң сом акча каржаты жана Гулистан айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен үнөмдөлгөн акча каржатынын эсебинен 50,0 миң сом Гулистан айыл өкмөтүнүн борбордук стадионунда маданий-массалык иш-чараларды, оюн-зоокторду өткөрүү үчүн көчмө сахна курууга иштетилсин.
2. Ушул токтомду аткарүү боюнча тийиштүү чараларды көрүү Гулистан айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М.Нарматовго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңешинин бюжет, экономика, жана инвестиция бюонча иштөөчу туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | И. Ташматов |