Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 6-ноябры № ХХIV-6
Гулистан айыл өкмөтүнүн 2013-2017-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү долбоорунун негизинде Фрунзе айылындагы Чили Сай орто мектебинин аймагында 50 орундуу балдар бакчасын курулушуна 2016-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен акча каражаты ажыратуу жөнүндө
Гулистан айыл өкмөтүнүн 2013-2017-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү долбоорунун негизинде Фрунзе айылындагы Чили Сай орто мектебинин аймагында курулушу пландаштырылган 50 орундуу балдар бакчасынын курулушуна жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каржатын ажыратуу максатында Гулистан айыл кеңешинин кезектеги сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Фрунзе айылына караштуу Чили Сай орто мектебининаймагында курулушу пландаштырылган сметалык баасы 4 миллион 300 миң сомдку түзгөн 50 орундуу балдар бакчасынын курулушуна өздүк салымды төлөө үчүн Гулистан айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен 800 миң сом акча каражаты ажыратып берилсин. Ажыратып берилген акча каржатын төл берүү мөөнөтү 2016-жылдын 1-кварталына белгиленсин.
2. Акча каражатын ажыратып берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гулистан айыл кеңешинин бюджет, экономика жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | И. Ташматов |