Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 6-ноябры № ХХIV-7
Гулистан айыл өкмөтүнүн 2013-2017-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү долбоорунун негизинде Гулистан айылындагы ФАП имаратынын курулушуна 2016-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен акча каражаты ажыратуу жөнүндө
Гулистан айыл өкмөтүнүн 2013-2017-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү долбоорунун негизинде Гулистан айылындагы ФАП имаратын курулушу пландаштырылган. ФАП имаратын курулушу боюнча жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каржатын ажыратуу максатында Гулистан айыл кеңешинин кезектеги сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Гулистан айылынындагы сметалык баасы 1 миллион 860 миң 320 сомду түзгөн ФАП имаратын курулушуна өздүк салымды төлөө үчүн Гулистан айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен 200 миң сом акча каражаты ажыратып берилсин. Ажыратып берилген акча каражатын төлөп берүү мөөнөтү 2016-жылдын 1-кварталына белгиленсин
2. Гулистан айылындагы ФАП имаратынын курулушуна акча каражатын ажыратып берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гулистан айыл кеңешинин бюджет, экономика жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | И. Ташматов |