Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 6-ноябры № ХХIV-8
Гулистан айыл аймагындагы Р.Хужамов атындагы орто мектебинин базасында ачылган балдар бакчасынын кызматчыларына айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине кошумча түшкөн акча каражатынын эсебинен эмгек акы төлөө үчүн акча каражаты бөлүп берүү жөнүндө
Гулистан айыл аймагындагы Р.Хужамов атындагы орто мектебинин базасыында 2015-жылдыне октябрь айында 90 орундуу балдар бакчасы курулуп пайдаланууга тапшырылды. Бул балдар бакчасынын жалпы сметалык баасы 5 миллион 300 миң сомду түзөт. Балдар бакчасынын курнулуш иштери 2014-жылда элдердие демилгеси менен башталган. 2015-жылда бул долбоорду төлүк аяктоо үчүн мамлекеттик түрткүү берүүчү үлүштүк гранттын эсебинен 2 миллион сом акча каражаты берилген. Азыркы күндө балдар бакчасынын штаттык бирдигин кармоо, иштеген кызматчылардын эмгек акын төлөө маселеси көйгөлүү маселе болуп турат. Бул масле боюнча Ноокат райондук билим берүу бөлүмү тийиштүу органдарга кайрылган. 2016-жылдан баштап тарбиячыларга эмгек акы мамлекет тарабынан төлөнүшү күтүүлүдө. Айыл өкмөтүнүн бюджетинин 9 айда аткарылышын көрүп чыгып, жылдын жыйынты менен жергиликтүү бюджеттин 20 пайызга ашыкча аткарылышын эсепке алып Гулистан айыл кеңешинин кезектеги сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Р.Хужамов атындагы орто мектебинин базасындагы 90 орундуу балдар бакчасынын кызматчыларына 2015-жылдын 1-октябрынан 31-декабрына чейин 3 айлык эмгек акын төлөө боюнча Ноокат райондук билимс берүү бөлүмү менен макулдашылган тарификациянын негизинде айыл өкмөтүнүн бюджетине кошумча түшкөн акча каражатынын эсебинен 232 миң сом акча каражаты ажыратып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы боюнча тийиштүу көмөк көсөтүү жагы Ноокат райондук каржы бөлүмүнөн суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, экономика жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | И. Ташматов |