Редакцияот 05.09.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кыз-Көл айылдык кеңешинин кезектеги он тогузунчу сессиясы

 

2015-жылдын 5-сентябры № 2

Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн аймагындагы асылдуулугу начар жерлерди чектөөсүз ижарага берүү жөнүндө

 Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн жер адиси А. Орозалиевдин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү жөнүндөгү маалыматтын угуп жана талкуулап Кыз-Көл айылдык кеңеши  төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн аймагындагы асылдуулугу начар жерлерди (Кашка-Терек айылынын талаасындагы таштак жана Көк-Булак участкасындагы асылдуулугу төмөн) аянты чектөөсүз ижарага берилсин. 

2. Ижарага берүү мөөнөтү 7 (жети) жылга жана жеңилдетилген баада берилсин. 

3. Керектүү иш кагаздарын даярдоо жагы жер адиси А. Орозалиевге милдеттендирилсин.

 

Төрага

Ж. Калимбетов