Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 20-октябры № 26-36/1
Уруксаат берилген кыймылсыз мүлктү пайдалануунун тизмесине С-6 (аэропорт зонасы) зонасы боюнча толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Каракол шаарынын биринчи вице-мэри К.З.Карасартовдун 25.06.2015-жылдын кир.№01-7/301 жана Каракол шаарынын архитектура жана курулуш башкармалыгынын башчысынын каттары жана Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри Т.Айдаралиевдин “Өсүмдүктөрдүн карантини лабораториясын курууга жер тилкесин берүү” жөнүндөгү 20.05.2015-жылдагы чыг.№01-3/812 кайрылуусу менен таанышып, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI чакырылышынын XXХVI сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Уруксаат берилген кыймылсыз мүлктү пайдалануунун тизмесине С-6 (аэропорт зонасы) зонасы боюнча төмөнкү пунк кошулсун: азыктын сапатын текшерүү боюнча лабораториялар (ветлабораториялар, Мамстандарттын лабораториялары ж.б.)
2. Каракол шаардык, шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы:
- көрсөтүлгөн толуктоону, Каракол шаарынын жерди пайдалануу жана курулуш боюнча Эрежесине киргизсин;
- ушул токтомдо белгиленген объектини максаттуу пайдаланышын кыйшаюуусуз аткарылышына көзөмөлдү камсыз кылсын.
3. Каракол шаарынын мэриясы, Каракол шаарынын жерди пайдалануу жана курулуш боюнча Эрежесин КЧжЭсине ылайык сактасын.
4. Кыргыз Республикасынын 2009-жылдагы 20-июлундагы «Ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппараты бул токтомду мамлекеттик каттодон өткөрсүн.
5. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
6. Токтом ММКларда жарыялансын.
7. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына (Т.М.Өмүров) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри К.З.Карасартовго жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | А. Абдыкадыров |