Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 20-октябры № 26-36/2
Каракол шаарындагы Коенкозов атн.көчөсүнүн №16 б дарегинде жайгашкан жер тилкесин мөөнөтсүз пайдаланууга укук берүү жөнүндө
Каракол шаарынын мэри Р.У.Калыгуловдун 15.06.2015-жылдагы кир.№01-7/292 “Каракол шаарындагы Коенкозов атн.көчөсүнүн №16 б дарегинде жайгашкан жер тилкесин мөөнөтсүз пайдаланууга укук берүү” жөнүндөгү катын угуп жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI чакырылышынын XXХVI сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаарынын мэриясы, Каракол шаарынын Коенкозов атн. Көчөсүндө №16 б дарегинде жанаша жайгашкан жер тилкесине, мөөнөтсүз пайдалануу укугун берсин.
2. Кыргыз Республикасынын 2009-жылдагы 20-июлундагы «Ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппараты бул токтомду мамлекеттик каттодон өткөрсүн.
3. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтом ММКларда жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына (Т.Өмүров) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри К.З.Карасартовго жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | А. Абдыкадыров |