Сравнение редакций…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 20-октябры № 26-36/4
"Каракол шаарынын муниципалдык аймактык башкаруусу жөнүндөг Жобону" бекитүү жана Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин 01.07.2011-жылдагы №25-35/3 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Каракол шаарынын муниципалдык аймактык башкаруусу жөнүндөгү Жобонун долбоорун карап жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин мыйзамдуулукту сактоо, ММКлар жана коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI чакырылышынын XХХVI сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаарынын мэриясынын муниципалдык аймактык башкаруулары жөнүндөгү Жобосу, №8 МАБну кошууну эске алуу менен бекитилсин (№1 тиркеме).
2. Каракол шаарынын муниципалдык аймактык башкарууларынын структурасы жана штаттык сыраттамасы бекитилсин (№2 тиркеме) .
3. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин “Каракол шаарынын муниципалдык аймактык башкаруусунун Жобосу” жөнүндөгү 01.07.2011-жылдагы №25-35/3 токтому жокко чыгарылсын.
4. Каракол шаарынын мэриясы:
- Каракол шаарындагы №8 МАБнун чек арасын, анын 1800 м жогору болгон жерлерин белгилөө менен аныктасын жана кезектеги сессияга бекитүү үчүн киргизсин;
- МАБнүн квитанцияларынын үлгүлөрүн жана маалымдамалар үчүн алына турган тарифтерди иштеп чыксын;
5. Кыргыз Республикасынын 2009-жылдагы 20-июлундагы «Ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппараты бул токтомду мамлекеттик каттодон өткөрсүн.
6. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
7. Токтом ММКларда жарыялансын.
8. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин, мыйзамдуулукту сактоо, ММКлар жана коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына (К.Т.Усупбаев) жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | А. Абдыкадыров |
|
I. Жалпы жоболор
II. МАБнын негизги милдеттери жана функциялар
III. МАБнын ыйгарым укуктары
IV. МАБнын түзүмү жана штаттык саны
V. МАБнын иш-аракетин уюштуруу жана контролдоо
VI. Эсепке алуу жана отчеттуулук
VII. МАБны материалдык-финансылык жактан камсыздоо
VIII. Эмгек мамилелери
IX. МАБны кайрадан уюштуруу жана жоюу
Бул жобо Каракол шаарынын Муниципалдык аймактык башкармалыгын (мындан ары - МАБ) түзүүнүн жалпы тартибин, иш-аракетин белгилейт жана укуктук статусун аныктайт. Бул жобо Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу мыйзамдарына ылайык иштеп чыкты.
1. МАБы Каракол шаардык мэриясы тарабынан, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү жана мамлекеттик бийлик органдары тарабынан ыйгарылган функцияларды аткаруу үчүн, өз алдынча жана жеке жоопкерчилик үчүн өз компетенциясынын чектеринде турак үйлөрдүн, кварталдардын, көчөлөрдүн, кичи райондордун анык чектериндеги калктын тыгыз жашоосунун аймагында түзүлөт.
МАБы тарабынан тейленүүчү аймактардын чектери жана МАБы жөнүндө типтүү Жобо Каракол шаардык кеңеши тарабынан бекитилет.
Каракол шаарынын мэриясы МАБнын уюмдаштыруучусу болуп саналат.
2. Каракол шаарынын мэриясынын аппараты МАБнын иш-аракетин контролдоону жана координациялоону жүзөгө ашырат.
3. МАБы мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып "Мекеме" - уюштуруу-укуктук формасындагы юридикалык жак болуп эсептелет, өз алдынча баланска, өз аталышы менен мөөрү, штампы, өздүк счету, фирмалык бланкы бар.
4. МАБы Каракол шаарынын мэриясынын аймактык түзүмдүк бөлүмчөлөрү болуп саналат. МАБтардын түзүмүнө башчылар жана эсепчи кирет. МАБнын башчылары муниципалдык кызматкер статусуна ээ жана Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат орундарынын Реестрине ылайык кенже (К-Б) категориясына теңелет. Эсепчи - техникалык тейлөө персоналына кирет.
5. МАБы өз иш-аракетинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын жана башка укуктук актыларды жана бул жобону жетекчиликке алат.
6. МАБы өз иш-аракетин мамлекеттик бийлик органдарынын аймактык тузумдук болумдору, Каракол шаарынын мэриясынын түзүмдүк болумдору, ар түрдүү коомдук өз алдынча башкаруу жана менчиктик формаларына карабастан юридикалык жактар менен ведомстволук аймактык калктын өз ара мамилелерде Каракол шаарынын мэриясынын, өз компетенциясынын чектеринде бекитилген аймактагы калктын кызыкчылыгын көрсөтүү менен жүзөгө ашырат.
7. МАБы коммуналдык кызматтар жана менчиктин ар кандай түрүндөгү юридикалык жактар менен келишимдик негизинде өз ара мамилелерди түзөт.
8. МАБы өз иш-аракетин төмөнкү принциптерде жүзөгө ашырат:
а) Каракол шаарынын мэриясынын башка түзүмдүк жана аймактык болумдору менен алардын функцияларын жана ыйгарым укуктарын чектөө;
б) Каракол шаарынын мэриясынын алдында отчеттуу;
в) ведомстволук аймактын жергиликтүү жамаатын мүчөлөрүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого көмөк көрсөтүү;
г) иште социалдык калыстыкты, ачык-айкындуулукту сактоо, коомдук уюмдар, ведомстволук аймактагы калк менен тыгыз байланышта болуу;
д) жыйналыштарда, чогулуштарда жергиликтүү маанидеги маселелерди талкуулоодо бекитилген аймактын жергиликтүү жамаатынын мүчөлөрүн катышууга тартуу.
9. МАБнын негизги милдеттери болуп жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу саналат.
10. Төмөндөгүлөр МАБнын негизги функциялары болуп саналат:
а) ага берилген ыйгарым укуктардын чектеринде Кыргыз Республикасынын ченемдик актыларын, Каракол шаардык кеңештин, мэриянын чечимдерин аткаруу;
б) Кыргыз Республикасынын жана Каракол шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик-укуктук актылары жана чечимдери жөнүндө калкты кабарлоо жана алардын аткарылышын уюштуруу;
в) Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Каракол шаарынын мэриясы менен макулдугу боюнча келишимдин негизинде функцияларды аткаруу жана мамлекеттик бийлик органдары тарабынан берилген ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу;
г) кварталдык жана үй комитеттерди, аксакалдар сотторун, турак жай ээлеринин шериктештиктерин, башка коммерциялык эмес уюмдарды түзүүгө көмөк көрсөтүү;
д) жарандык кайрылуулар менен тикеден-тике жана тургундардын коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун формалары, аксакалдар соту, мэриянын административдик комиссиясы жана мамлекеттик бийлик органдары аркылуу иштөө;
е) тургундардын күнүмдүк жашоо турмушун камсыздоо маселелерин чечүүдө көмөк көрсөтүү;
ж) калк менен коммуналдык кызматтарды жеткирүүчү уюмдардын келишимин аткаруу мониторинги;
з) коомдук өз алдынча башкаруунун формаларына дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын жана бюджеттен тышкаркы ресурстардын каражаттарын тартууга көмөк көрсөтүү;
и) эң жакшы кварталдык жана үй комитеттердин, турак жай ээлеринин шериктештиктеринин жана башка коммерциялык эмес уюмдарынын, тажрыйбасын таркатуу жана жалпылоо;
к) Каракол шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна аларга ыйгарылган башка функцияларды аткаруу.
11. МАБнын өзүнүн компетенциясынын чегинде төмөнкү ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат:
а) ведомстволук аймактын социалдык-экономикалык программаларын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышат;
б) жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө мамлекеттик бийлик органдары менен өз ара аракеттенет;
в) чарбалык субъектилер менен турак жай фондун ремонттоо жана техникалык тейлөө боюнча келишим түзүүдө коомдук өз алдынча башкаруу органдарына көмөк көрсөтөт;
г) бардык балдар жана өспүрүмдөрдүн билим алуусун камсыздоо үчүн билим берүү уюмдарына мектеп жана мектепке чейинки балдардын учетун жүргүзүүгө көмөк көрсөтөт;
д) бекитилген аймактагы маалыматтык базаны түзөт жана жаңыртып турат;
е) Каракол шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун МАБга өткөрүлүп берилген муниципалдык менчик объекттерин оперативдүү башкарууну жүзөгө ашырат;
ж) Каракол шаардык мэриясына, ошондой эле мамлекеттик органдарга, менчиктин ар кандай формасындагы ишканаларга, уюмдарга жана мекемелерге МАБнын карамагына тийиштүү маселелер боюнча сунуштарды киргизет;
з) ведомстволук аймакты көрктөндүрүү, санитардык тазалоо, жашылдандыруу, жарыктандыруу, бак-дарактарды сугаруу боюнча иштерди жана башка турак жай-коммуналдык чарбанын функциясына тийиштүү маселелердин аткарылышына контролду жүргүзөт;
и) кварталдык жана үй комитеттеринин коммуналдык кызматтар жана менчиктин ар кандай формасындагы уюмдар менен калкка кызматтарды көрсөтүү боюнча өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат;
к) кварталдык жана үй комитеттери менен биргелешип жер төлөөлөрдүн, чатырчалардын, кирмелердин жана үйлөрдүн абалын үчүн жалпысынан, курулуш жана жолдорду, инженердик тармактарды ремонттоону жүргүзүүчү уюмдардын ишин жүргүзүү үчүн, эксплуатациялык уюмдар тарабынан жылуулук, электр, суу менен камсыздоо, жер, ландшафт, курулуш иштерин жүргүзүү боюнча мониторинг жана контролдоо жүргүзөт;
л) мэрия менен макулдашуу боюнча белгиленген тартипте катталган коомдук өз алдынча башкаруунун субъекттерине өз функцияларынын жана ыйгарым укуктарынын бөлүгүн келишимдин негизинде ыйгарат;
м) Каракол шаарынын мэриясынын түзүмдүк подразделенияларына керектөөчү рыногунун жана кызматтардын тармагын, шаардык транспорттун каттам тармагынын жана анын жүрүү расписаниесин өнүктүрүү жана башка маселелер боюнча сунуштарды киргизет;
н) ведомстволук аймакта коомдук тартипти кармоодо укук коргоо органдарына көмөк көрсөтөт;
о) мамлекет жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу, ар кандай фонддор, юридикалык, жеке жактар тарабынан бөлүнүүчү каражаттардын эсебинен калктын аз камсыз болгон катмарын даректүү социалдык коргоо боюнча ишти уюштурууда катышат;
п) шайлоо, референдум, депутаттардын шайлоочулар менен бардык деңгээлдеги жолугушууларын уюштурууда, коомдук пикирди суроолорду өткөрүүдө уюштуруусуна көмөк көрсөтөт, шайлоочулардын тизмеси боюнча маалыматтардын толуктугуна жооп берет;
р) шаардын аткаруу бийлигинин тармактык органдары менен бирдикте балдар, өспүрүмдөр, жаштар жана үй-бүлөлөр менен алардын жашаган жери боюнча ишти уюштурат жана жашаган жери боюнча балдар, өспүрүмдөр, жаштар менен социалдык-педагогикалык жана эс алуу иштерин алып баруучу клубдардын жана борборлордун иш-аракетине контролду жүзөгө ашырат;
с) Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык аксакалдар сотторунун, мэриянын административдик комиссиясынын кароосуна материалдарды жиберет;
т) белгиленген тартипте ылайык акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтөт;
у) Каракол шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдерине ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
12. МАБнын карамагында бекитилген аймактын жашоочуларынын санынан калктын жашоо турмушун камсыздоо жана аймакты өнүктүрүү: көрктөндүрүү, балдар жана өспүрүмдөр менен иштөө, турак жай коммуналдык жана социалдык маселелер боюнча коомдук комиссия түзүүсү мүмкүн.
13. МАБнын түзүмү жана штаттык саны Каракол шаардык мэриясынын сунушу боюнча Каракол шаардык кеңеши тарабынан бекитилет.
14. Каракол шаарынын мэриясы МАБны башкаруунун эң жогорку органы болуп саналат.
15. Каракол шаарынын мэриясынын өзгөчө компетенциясына төмөндөгүлөр кирет:
а) Каракол шаардык кеңештин бекитүүсүнө төмөнкүлөрдү иштеп чыгат жана даярдайт:
- МАБы жөнүндө Типтүү жобону;
- МАБнын Типтүү түзүмүн жана штаттык ырааттамасын;
б) Каракол шаарынын мэриясынын тарабынан МАБга берилүүчү функциялардын жана ыйгарым укуктардын тизмегин бул жобого ылайык аныктоо;
в) МАБны кайрадан уюштуруу же жоюу;
г) функциялардын аткарылышын жана берилген ыйгарым укуктардын жүзөгө ашырылышын контролдоо;
д) Кыргыз Республикасынын "Муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамына ылайык МАБнын башчысын кызматка дайындоо;
е) өз арызы, мэриянын аппаратынын көрсөтүүсү боюнча же Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде каралган тартипте, Каракол шаардык кеңеши тарабынан демилгеси боюнча МАБнын башчысын кызматтан бошотууну жүзөгө ашыруусу мүмкүн;
ж) МАБнын иш-аракетин контролдойт.
16. Башчы МАБнын иш-аракетин жетектөөнү жүзөгө ашырат. МАБнын башчысы жок учурда анын ыйгарым укуктарын мэрия тарабынан дайындаган адам убактылуу жүзөгө ашырат.
17. МАБнын башчысынын кызматына талапкер жарандар, жогорку билимдүү жана мамлекеттик, муниципалдык кызматта же жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө эки жылдан кем эмес же өз адистиги боюнча үч жылдан кем эмес иш тажрыйбасы болуусу тийиш. МАБнын башчысынын кызматына Кыргыз Республикасынын жараны эмес, соттун чечими менен жөндөмсүз болуп табылган, берилген мыйзам тартибинде соттолгондугу алынып салынбаган же жоюлбаган жарандар боло албайт.
18. МАБнын башчысы:
а) бул Жобого ылайык МАБнын утурумдук иш-аракетин уюштурат, өзүнүн ыйгарым укугунун ченеминде МАБнын мүлкүн жана финансылык каражаттарын тескейт, кредиттик-эсептик мекемелерде эсептик жана башка счетторду ачат;
б) МАБнын иш-аракетине тийиштүү болгон жана бул Жобого жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамына каршы келбеген маселелерди өз алдынча чечет;
в) МАБнын иш-аракетин камсыздоочу документтерге кол коюу укугуна ээ;
г) ишеним катсыз МАБнын атынан иштейт, аны юридикалык жана жеке жактар менен мамилелерде көрсөтө алат;
д) бул Жобо тарабынан аныкталган ыйгарым укуктардын чегинде чарбалык жана башка келишимдерди, анын ичинде эмгек келишимдерди (контракттар) түзөт.
20. МАБы өзүнүн чарбалык иш-аракетинин жыйынтыктарын эсепке алууну жүргүзөт жана белгиленген тартипте бухгалтердик жана статистикалык отчеттуулукту жүргүзөт.
21. МАБнын финансылык-чарбалык иш-аракетине контроль Каракол шаарынын мэриясы жана Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан аныкталган компетенттүү органдар тарабынан жүзөгө ашырылат.
22. МАБнын башчысы жана эсепчиси эсепке алууну жана отчеттуулукту жүргүзүүнүн тартибин сактоого жана ишенимдүүлүгүнө жеке жоопкерчилик алат.
23. Каракол шаардык кеңешине суроо-талабы боюнча МАБлар өз ишинин жыйынтыктары жөнүндө маалыматты берет.
24. МАБга оперативдүү башкаруу укугунда мүлк бекитилет.
25. МАБы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын менчик ээси, Каракол шаардык мэриясынын макулдугу менен гана ага бекитилген мүлктү пайдаланууга укуктуу.
26. МАБны күтүүгө чыгымдарды каржылоо төмөндөгүлөрдүн эсебинен жүзөгө ашырылат:
а) Каракол шаарынын мэриясынын тарабынан бекитилген чыгымдар сметасына ылайык шаардык бюджеттин каражаттарынын;
б) юридикалык жана жеке жак тарабынан кайтарымсыз берилүүчү каражаттардын жана атайын каражаттардын;
в) Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан тыюу салынбаган башка кирешелердин.
27. МАБнын жумушчуларынын эмгек мамилелери Кыргыз Республикасынын Эмгек мыйзамынын ченемдери тарабынан жөнгө салынат.
28. МАБнын жумушчуларынын эмгек режими жана эс алуусу, алардын социалдык камсыздоосу Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен жөнгө салынат.
29. МАБны кайрадан уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык тартипте жүргүзүлөт.
30. МАБны жойгондон кийин калган мүлк Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан каралган тартипте бөлүштүрүлөт.
31. Юридикалык жактардын Мамлекеттик реестрине бул жөнүндө жазуу киргизилген учурдан тартып жоюу аяктаган болуп эсептелинет.
32. МАБнын иш-аракетинин процессинде пайда болгон документтер, аны жойгон учурда, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын улуттук архивдик фонду жөнүндө" Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.
Каракол шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси |
Р. Кыштобаев |
| Каракол шаардык депутатар кеңешинин 2015-жылдын 20-октябрындагы № 26-36/4 токтомуна 3-тиркеме
| ||
| |||
Кызматтардын аталышы | Штаттык бирдиктердин саны |
Башчысы | 7 |
Эсепчи | 1 |
Бардыгы | 8 |
|
|
Каракол шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси |
Р. Кыштобаев |
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 20-октябры № 26-36/4
"Каракол шаарынын муниципалдык аймактык башкаруусу жөнүндөг Жобону" бекитүү жана Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин 01.07.2011-жылдагы №25-35/3 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
(Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин 2017-жылдын 27-декабрындагы № 27-18/7 токтомунун редакциясына ылайык)
Каракол шаарынын муниципалдык аймактык башкаруусу жөнүндөгү Жобонун долбоорун карап жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин мыйзамдуулукту сактоо, ММКлар жана коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI чакырылышынын XХХVI сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин 2017-жылдын 27-декабрындагы № 27-18/7 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Каракол шаарынын муниципалдык аймактык башкарууларынын структурасы жана штаттык сыраттамасы бекитилсин (№2 тиркеме) .
3. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин “Каракол шаарынын муниципалдык аймактык башкаруусунун Жобосу” жөнүндөгү 01.07.2011-жылдагы №25-35/3 токтому жокко чыгарылсын.
4. Каракол шаарынын мэриясы:
- Каракол шаарындагы №8 МАБнун чек арасын, анын 1800 м жогору болгон жерлерин белгилөө менен аныктасын жана кезектеги сессияга бекитүү үчүн киргизсин;
- МАБнүн квитанцияларынын үлгүлөрүн жана маалымдамалар үчүн алына турган тарифтерди иштеп чыксын;
5. Кыргыз Республикасынын 2009-жылдагы 20-июлундагы «Ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппараты бул токтомду мамлекеттик каттодон өткөрсүн.
6. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
7. Токтом ММКларда жарыялансын.
8. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин, мыйзамдуулукту сактоо, ММКлар жана коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына (К.Т.Усупбаев) жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | А. Абдыкадыров |
|
(Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин 2017-жылдын 27-декабрындагы № 27-18/7 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
| Каракол шаардык депутатар кеңешинин 2015-жылдын 20-октябрындагы № 26-36/4 токтомуна 3-тиркеме
| ||
| |||
Кызматтардын аталышы | Штаттык бирдиктердин саны |
Башчысы | 7 |
Эсепчи | 1 |
Бардыгы | 8 |
|
|
Каракол шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси |
Р. Кыштобаев |