Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-марты № 21/1
Баетов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2015-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
Баетов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2015-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап депутаттардын Баетов айылдык Кеңешинин кезектеги XXI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-жылга Баетов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 17065,0 миң сом. Мунун ичинен теңдештирилген грант 6060,8 миң сом, салыктар, жыйымдар жана башка төлөмдөр 11004,2 миң сом болуп бекитилсин.
С А Л Ы К Т А Р Д А Н:
1. Подоходный налог 5100,0 миң сом.
2. Ыктыярдуу түрдөгү патент салыгы 630,0 миң сом
3. Милдеттүү түрдөгү патент салыгы 33,0 миң сом
4. Мүлктөрдөн алынуучу салык 78,0 миң сом
5. Транспорт ээлеринен алынуучу салык 660,0 миң сом
6. Короо-жай участкасынан алынган салык 130,0 миң сом
7. Айыл чарба багытындагы жер салыгы 155,0 миң сом
8. Айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы 300,0 миң сом
9. Сатуудан алынуучу салык 1431,0 миң сом
10. Аренда жерден алынуучу төлөм 5,0 миң сом
11.Жайыт жерлердин арендасы 5,0 миң сом
11.Аренда ФПС 65,2 миң сом
11. Таштанды чыгаруу төлөм 110,0 миң сом
12. Мамлекеттик пошлиналар 177,0 миң сом
13. Административдик штраф 125,0 миң сом
14. Атайын каражаттан 2000,0 миң сом
Баардыгы: 11004,2миң сом
2. Баетов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгү 17065,0 миң сом болуп бекитилсин.
Башкаруу аппаратына 5077,5 миң сом
ЖКХ 2464,4 миң сом
Китепкана 215,9 миң сом
Клуб 661,6 миң сом
Бала бакча 5853,3 миң сом
Мектеп 2429,8 миң сом
ДОЦ 136,5 миң сом
Соц. тармак 226,0 миң сом
Баары: 17065,0 миң сом
3. Бюджеттин чыгаша бөлүгүндөгү ар кандай чыгымдар статьясындагы акча каражатына тармактын жетекчилери расчет түзүп, Баетов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысына бекиттиришсин.
4. 2015-жылга Баетов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн аткарылышына көзөмөлдүк жүргүзүү жагы ФЭБнүн башчысы С.Каленовго милдеттендирилсин.
5. Бул токтом массалык маалымат каражаттары аркылуу элге жарыялансын.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айыл өкмөт башчысына жана өзүмө калтырамын.
Төрага | Т.Рысбаев |