Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-марты № 21/2
Баетов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2014-жылдан ашык түшкөн акча каражатын 2015-жылдын жергиликтүү бюджетине бекитүү жөнүндө
Баетов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2014-жылдан ашык түшкөн акча каражатын 2015-жылдын жергиликтүү бюджетине бекитүү жөнүндө күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап депутаттардын Баетов айылдык Кеңешинин кезектеги XXI- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баетов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2014-жылдан ашык түшкөн 514,7 миң сом акча каражатын аппараттын 2815 статьясына - 140,0 миң сом,
3111 статьясына – 50,0 миң сом
3112 статьясына - 158,9 миң сом
2821 статьясына - 165,8 миң сом бекитилсин.
2. Атайын каражат бет эсебинде 2014-жылдан ашык түшкөн 85,3 миң сом акча каражаты:
- аппараттан 1,8 миң сом калган калдык 22154900 статьясына;
- бала бакчадан 83,5 миң сом калган калдык 22181100 статьясын бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айыл өкмөт башчысына
жана өзүмө калтырамын.
Төрага | Т.Рысбаев |