БАЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 3-сентябры № 26/5
Баетов айыл аймагында 2015-жылдын 31-августунда түзүлгөн актыны кароо жөнүндө
Баетов айыл аймагында 2015-жылдын 31-августунда түзүлгөн актыны кароо жөнүндө Баетов айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги XXVI - сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баетов айыл аймагында кескин көбөйүп кеткен карышкыр, чөөлөрдү атып санын кыскартууда, Баетов айылынын тургуну фермер Матанов Нурбек 2015-жылдын 30-августунда Чоң Кароо жайлоосунан төрт карышкыр атып алгандыгы белгиленсин.
2. Түзүлгөн актыга ылайык, сүрөтү тартылып алынсын жана териси Матанов Нурбекке калтырылсын.
3. Бул токтомго ылайык Матанов Нурбекке сыйлык берүү жагы Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
Төрага | Т.Рысбаев |