Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-июлу № 21-1
Ат-Башы айылдык Кеңешинин депутаты К. Жапаровдун арызын кароо жөнүндө
Ат-Башы айылдык Кещешинин депутаты К.Т. Жапаровдун 13.07.2015-жылдагы жазган арызын карап жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жапаров Кубанычбек Турдалиевичтин арызына ылайык депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, «Ат-Башы жаңылыктары» гезитине жарыялоого сунушталсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Ат-Башы айылдык Кеңешине кийинки депутатты аныктап берүү жагы Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
Төрага | К. Айдыралиев |