Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-июлу № 21-4
2015-жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн айыл өкмөт башчысынын жасаган иштери тууралуу отчетун угуу жөнүндө
Ат-Башы айыл өкмөтү тарабынан 20105-жылдын биринчи жарым жылдыгында жасалган иштер боюнча Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Чоробековдун отчетун угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан 2015-жылдын биринчи жарым жылдыгында жасалган иштер канааттандырарлык деп табылсын.
2. Айыл өкмөттүн эсеп счету соттун чечими менен алты айдан бери жабык болгондугуна байланыштуу, айрым иштерди аткарууга тоскоол болгондугу эске алынсын.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, «Ат-Башы жаңылыктары» гезитине жарыялоого сунушталсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | К. Айдыралиев |