Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-июлу № 21-6
К.Мамбеталиев атындагы орто мектебинин директору А.Ш.Молдалиеванын 27-июль 2015-жылдагы чыгыш № 70 сандуу жана Карыбек уулу Акматалы атындагы орто мектебинин директору Т.Иманбердиевдин 21-июль 2015-жылдагы чыгыш №47 сандуу кайрылуулары жөнүндө
К.Мамбеталиев атындагы мектебинин директору А.Ш.Молдалиеванын жана Карыбек уулу Акматалы атындагы орто мектебинин директору Т.Иманбердиевдин кайрылууларын угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Мерси Ко» уюмуна өздүк салым катары айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен бөлүнгөн Карыбек уулу Акматалы атындагы орто мектебине 250 (эки жүз элүү миң) сом, жана К.Мамбеталиев атындагы орто мектебине 257,1 (эки жүз элүү жети миң бир жүз) сом,жалпысы 507,1 сом (беш жүз жети миң бир жүз) сом (статья 2215; 2222) жогорудагы аталган мектептердин жетекчилеринин кайрылуулары боюнча төмөндөгүдөй жумшалсын.
2. Карыбек уулу Акматалы атындагы орто мектебине 149 (бир жүз кырк тогуз миң) сом мектептин ашканасына инвентарь жана идиш аяк алуу үчүн, 101 (бир жүз бир миң) сом, мектептин актовый залына мебель алуу үчүн мамлекеттик сатып алуулар жөнүдөгү мыйзамга ылайык конкурс өткөрүү жолу менен алынсын.
3. К.Мамбеталиев атындагы орто мектебине 257,1 (эки жүз элүү жети миң бир жүз) сом мектептин актовый залдын ички капиталдык ремонтун жасатууга жумшалсын.
4. Жогорудагы бөлүнгөн акча каражаттарын өз убагында камсыз кылуу жагы финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Т.Жусубалиевге тапшырылсын.
5. Бөлүнгөн акча каражатты максатуу пайдалануу мектептин дитекторлору Т.Иманбердиев, А.Молдалиевага милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, «Ат-Башы жаңылыктары» гезитине жарыялоого сунушталсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысынын орун басары К.Жапаровго тапшырылсын.
Төрага | К. Айдыралиев |