Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 20-октябры № 35/134
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматынын Кызыл–Кыя шаары боюнча башкармалыгынын 2015–жылдын 6 айында аткарган иштери жөнүндө
Кун тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесинин 2–бөлүгүнө негиз, шаардык кеңештин 2014–жылга кабыл алынган иш планына ылайык жана шаардык кеңештин бюджет, финансы жана фискалдык саясат маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын маселени карап, сессияга сунуштоо боюнча кабыл алган чечимин, маселени талкуулоодо депутаттар тарабынан айтылган сын–сунуштарды эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматынын Кызыл–Кыя шаары боюнча башкармалыгынын 2015–жылдын 6 айында аткарган иштери жөнүндө маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматынын Кызыл–Кыя шаары боюнча башкармалыгынын жетекчилигине (М.Сагинбаевге) милдеттендирилсин:
- республикалык жана жергиликтүү бюджетке түшүүчү салыктарды жыйноодо ар бир салыктын түрлөрүн планда каралган көлөмдөргө толук жеткирүү боюнча максаттуу иштерди алып баруу жагы;
- шаардын аймагындагы кайра бөлүштүрүү Фондусундагы айыл чарба жерлерине төлөнүүчү ижара акыларды жыйноону жандандыруу жагы.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, финансы жана фискалдык саясат маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Маткалыков |