Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 20-октябры № 35/135
Кызыл–Кыя шаардык эмгек, миграция жана жаштар бөлүмүнүн 2014–жылда жумушсуздарды жумушка орноштуруу менен жумушсуздардын санын кыскартуу, аларды өндүрүшкө зарыл болгон кесиптерге кайра даярдоо, жумушсуздарга кичи кредиттерди берүү боюнча 2014–жылда аткарган жана 2015–жылдын 1–кварталында аткарып келе жаткан иштери жөнүндө
Кун тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесинин 2–бөлүгүнө негиз, шаардык кеңештин 2015–жылга кабыл алынган иш планына ылайык, шаардык кеңештин экономика, миграция, жумушсуздук, туризм жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын маселени карап, сессияга сунуштоо боюнча кабыл алган чечимин жана маселени талкуулоодо депутаттар тарабынан айтылган сын–сунуштарды эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаардык эмгек, миграция жана жаштар бөлүмүнүн башчысы А. Арчабаевдин 2014–жылда жумушсуздарды жумушка орноштуруу менен жумушсуздардын санын кыскартуу, аларды өндүрүшкө зарыл болгон кесиптерге кайра даярдоо, жумушсуздарга кичи кредиттерди берүү боюнча 2014–жылда аткарган жана 2015–жылдын 1–кварталына аткарып келе жаткан иштери жөнүндө билдирүүсү эске алынсын.
2. Кызыл–Кыя шаардык эмгек, миграция жана жаштар бөлүмүнүн жетекчилигине (А. Арчабаевге) милдеттендирилсин;
- жумушсуз жарандарды өндүрүшкө жана замандын талабына зарыл болгон кесиптерге кайра окутууну уюштуруу жана аларды жумушка орноштурууга көмөк көрсөтүү жагы;
- жумушсуздарга кичи кредиттерди берүү боюнча иштерди активдештирүү;
- шаардагы ички жана тышкы мигранттардын санын аныктоо, аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каттоодон өтүүсүн жана ишмердүүлүк жүргүзүүсүн көзөмөлдөө;
- мекеме ишканаларда пайда болгон бош жумуш орундарын аныктап, ай сайын шаардык ЮТС телеберүүсү аркылуу жарыялоону уюштуруу.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин экономика, миграция, жумушсуздук, туризм жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Маткалыков |