КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 20-октябры № 35/136
Кызыл–Кыя шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын 2014–жылда социалдык пенсия жана социалдык пособие алуучуларга пенсия, пособиелерин өз убагында берүүнү камсыз кылуу, шаардагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү аныктоо, аларга социалдык паспортторду толтуруу боюнча жүргүзгөн иштери жөнүндө
Кун тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесинин 2–бөлүгүнө негиз, шаардык кеңештин 2014–жылга кабыл алынган иш планына ылайык, шаардык кеңештин экономика, миграция, жумушсуздук, туризм жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын маселени карап, сессияга сунуштоо боюнча кабыл алган чечимин жана маселени талкуулоодо депутаттар тарабынан айтылган сын–сунуштарды эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын 2014–жылда социалдык пенсия жана социалдык пособие алуучуларга пенсия, пособиелерин өз убагында берүүнү камсыз кылуу, шаардагы аз камсыз болгон үй–бүлөлөрдү аныктоо, аларга социалдык паспортторду толтуруу боюнча жүргүзгөн иштери боюнча шаардык соцалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы К.Мусаевдин маалыматы эске алынсын.
2. Кызыл–Кыя шаардык соцалдык өнүгүү башкармалыгынын жетекчилигине (К.Н.Мусаевге) милдеттендирилсин:
- 2015–жылда социалдык пенсия жана социалдык пособие алуучуларга пенсия, пособиелерин өз убагында берүүнү камсыз кылуу жагы;
- шаардагы аз камсыз болгон үй–бүлөлөрдү аныктоо, аларга социалдык паспортторду толтуруу жана аларга жөлөк пулдарды чегерүүдө орун алган кемчилдиктерди четтетүү боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүү жагы;
- көрсөтүлүүчү социалдык жардамдардын адрестүү болуусун камсыз кылуу жагы.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин экономика, миграция, жумушсуздук, туризм жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Маткалыков |