КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 20-октябры № 35/137
Кызыл–Кыя шаарынын калкын таза ичүүчү суу менен камсыз кылууну жакшыртуу боюнча «Кызыл–Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасынын 2015-жылдын 8-айында аткарган иштери жөнүндө
Кун тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесинин 2–бөлүгүнө негиз, шаардык кеңештин 2015–жылга кабыл алынган иш планына ылайык, шаардык кеңештин ишкерлер, өнөр жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин жана маселени талкуулоодо депутаттар тарабынан айтылган сын–сунуштарды эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаарынын калкын таза ичүүчү суу менен камсыз кылууну жакшыртуу боюнча «Кызыл–Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасынын 2015–жылдын 8–айында аткарган иштери жөнүндө «Кызыл–Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасынын жетекчиси А.Сатыбалдыевдин билдирүүсү эске алынсын.
2. Кызыл–Кыя шаарынын «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык мекемесинин жетекчилигине (А.А.Сатыбалдыевке) милдеттендирилсин:
– калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылууну жакшыртуу максатында ички суу түтүктөрүнүн жарылган жерлерин бүтөө, суу берүүчү колонкаларга вентильдерди коюу, Исфайрам жана Кулуштан водоводдорунан келүүчү суулардын дебетин жогорулатуу боюнча толук кандуу иштерди жүргүзүү жагы;
– шаардагы административдик–аймактык округдардын (АТОлордун) башчылары, кварталдык жана үй комитеттеринин төрагалары жана шаарга караштуу айылдардын айыл башчылары менен биргеликте шаар калкынын арасында ичүүчү сууну үнөмдүү пайдалануу, ичүүчү сууну жана канализацияны пайдалангандыктары үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөө жана суу өлчөөчү счетчиктерди орнотуу боюнча максаттуу иштерди алып баруу жагы.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин ишкерлер, өнөр жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Маткалыков |