Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 20-октябры № 35/138
Кызыл–Кыя шаарындагы социалдык обьектилерди, шаар калкын жана шаардагы мекеме–уюмдарды 2015–2016–жылдын күз–кыш мезгилине даярдоонун абалы жана азыркы мезгилде жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесинин 2–бөлүгүнө негиз, шаардык кеңештин 2015–жылга кабыл алынган иш планына ылайык, кеңештин ишкерлер, өнөр жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин жана маселени талкуулоодо депутаттар тарабынан айтылган сын–сунуштарды эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаарындагы социалдык обьектилерди, шаар калкын жана шаардагы мекеме–уюмдарды 201–2016–жылдын күз–кыш мезгилине даярдоонун абалы жана азыркы мезгилде жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө Кызыл–Кыя шаарынын 1–вице–мэри, шаардагы социалдык обьектилерди, шаар калкын жана шаардагы мекеме–уюмдарды күз–кыш мезгилине даярдоо боюнча штабдын жетекчиси Э.Топчубаевдин маалыматы эске алынсын.
2. Кызыл–Кыя шаарындагы социалдык обьектилерди, шаар калкын жана шаардагы мекеме–уюмдарды күз–кыш мезгилине даярдоо боюнча штабка (Э.Топчубаевке) жана шаардын муниципалдык менчик боюнча департаментине (А.Эрматовго) милдеттендирилсин:
- шаардын муниципалдык менчигиндеги социалдык обьектилерди, шаар калкын жана шаардагы мекеме–уюмдарды 201–2016–жылдын күз–кыш мезгилине даярдоо иштеринде орун алган кемчилдиктерди тез арада жоюу боюнча шашылыш чараларды көрүп, күз–кыш мезгилине даярдоо иштерин кабыл алынган иш пландардын негизинде 2015–жылдын 15–ноябрына чейин толук аягына чыгаруу жагы;
- шаардын РЭТинин, жылуулук берүү мекемесинин жана “Кызыл–Кыя Сууканал” муниципалдык ишканаларынын иштерин такай көзөмөлгө алып, шаардагы социалдык обьектилерди, шаар калкын жана шаардагы мекеме–уюмдарды 2015–2016–жылдын күз–кыш мезгилинде электр, жылуулук энергиялары жана ичүүчү суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча тийиштүү чараларды көрүү жагы;
- Кызыл–Кыя РЭТи тарабынан электрэнергиясын стабилдүү чыңалуу менен берилүүсүн көзөмөлгө алуу жагы.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин ишкерлер, өнөр жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча жана коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана архитектура, курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | А. Маткалыков |